Ара-Бел—Кумтөр ойдуңу

Википедия дан

Ара-Бел—Кумтөр ойдуңу - Ички Теңир-Тоонун түндүе-чыгышында. Тескей Алатоо, Жетим-Бел, Ак-Шыйрак кырка тоолору менен курчалган. Деңиз деңгээлинен 3400-3800 м бийиктикте. Узундугу 52 км, туурасы 14 км. Батышы кенен, айланасындагы тоолор ойдуңдун таманынан 500-1000 м, айрым чокулары 1300 мге чейин көтөрүлүп жатат. Ал байыркы мөңгүлөрдүн чордону болгон. Ошондуктан ойдуңдун рельефинин пайда болушу мөңгүнүн аракетине байланышгуу. Төртүнчүлүк мезгилдин башталышында ойдуңду дээрлик муздук каптап жаткан. Муздук чегингенде Арабел, Кумтөрдөй эң ири өрөөндөр жана меридиан боюнча созулган суу куймаларынын өрөөндөрү түзүлгөн. Рельефинде морена дөбөлөрү (бийиктиги 20-25 мге чейин), саздуу оёңчолор жана тегиз жерлер кеңири аянтты ээлейт. Ойдуңдун таманы кайнозойдун шиленди чөкмөлөрүнөн турат. Четжакаларында кыргыз кызыл түстүү свитасынын чополору, кумдук, шагылдар кездешет. Алар төртүнчүлүк мезгилдин мөңгү таштарынын шилендилери менен капталган. Ойдуң аркылуу батыштан чыгышка Арабел суусу агат. Майда көлдөр бар. Климаты катаал. Кышы суук жана узак. Январдын орточо температурасы -19,5...-21,2°С, жайы кыска, июлдун орточо температурасы 2,3-4,3°С. Жылдык жаан-чачыны 311 мм. Өсүмдүктөрү сейрек, ар кайсы жерде топ-топ болуп, жаздык же орок сымал жерге жабышып өсөт. Тоо капталдарына альп шалбаалуу талаа (каз-таман, ыраң, тогуз-төбөл, бетеге жана башка), субнивалдык суук чөл, кар-мөңгү алкактары мүнөздүү. Жайкы жайыт катары пайдаланылат. Өрөөндүн чыгыш, Ак-Шыйрак тоо тоомунун түндүк-батыш тарабында Кумтөр алтын кени бар. Өрөөн аркылуу Барскон - Кумтөр автомобиль жолу өтөт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]