Аристипп

Википедия дан
Аристипп

Аристипп - (грек. Ἀρίστιππος, лат. Aristippos) (болжол менен. б.з.ч 435 — болжол менен. б.з.ч 355 ) – байыркы грек философу, кирендик же гедонисттик мектептин негиздөөчүсү, софистик окууга ынтаасын коюп жакын болгон, Сократтын окуучусу, жолдошу.

Анын пикирине ылайык, таанып билүү себебин аныктоого мүмкүн болбогон кабылдоолорго гана таянат, башка адамдардын кабылдоосу биз үчүн белгисиз, бар болгону алардын айткандарын негиз кылып алабыз. Аристипп ырахаттанууну жашоонун башкы максаты деп эсептеп, өзү өмүр бою ушул принципти сактоого аракет кылган. Ошону менен бирге бул ойчул адамды өзүн-өзү кармай билүүгө, ырахаттын кулу болбоого үндөгөн, өздүк эркиндикти жогору баалаган, өткөнгө өкүнбөй, келечектен кооптонбой жашоону максат койгон.

Аристипп ойлоого күнүмдүк иш-аракетке, учурга да маани берип, аларды эркин пайдалана билүү зарылчылыгын белгилеген.


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]