Армян-апостол чиркөөсү

Википедия дан

Армян-апостол чиркөөсү - христиандык чиркөөнүн эң байыркысы. Чиркөөнүн мүчөлөрүн армян-григоряндар деп аташат. Анткени анын негиздөөчүсү катары Григор Агартуучуну эсептешет. 301-жылы Григордун демилгеси менен Армениянын падышасы Тиридат III христианчылыкты кабыл алган жана Армения христиан динин мамлекеттик дин деп жарыялаган дүйнөдөгү биринчи өлкө болуп калган. Армян-апостол чиркөөсүндө Кудайга тайынуу көбүнчө түн ичинде, байыркы армян тилинде жүргүзүлөт. Чиркөөнүн башында патриарх-каталикос турат. Учурда армян-григоряндардын саны 4,6 млн го жетет. Алардын көпчүлүгү Арменияда (2,6 млн), мындан тышкары АКШ, Канада, Бразилия, Россия, Грузия жана башка өлкөлөрдө бар.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]