Архитектуралык ордер

Википедия дан

Архитектуралык ордер — классикалык стилде курулган имараттардын жана курулмалардын көркөм-конструкциялык системасы. Ал эки бөлүктөн турат: көтөрүп туруучу элементтер (капителдүү колонна, база) жана көтөрүлүүчү элементтер (антаблемент, архитрав, фриз, карниз жана башка). Архитектуралык ордер Египет, Ассирия-Вавилония, байыркы Персия зодчийлигинде пайдаланылган. Архитектуралык ордердин классикалык тиби Байыркы Грецияда храмдарды жана башка коомдук имараттарды курууда калыптанган. Архитектуралык ордердин негизги түрлөрүнүн аталышы дорий, ионий, коринф, тоскан байыркы грек урууларынын жана жерлеринин атынан алынган. Таштан жасалуучу архитектуралык ордерлер жыгачтан ашталган түркүк-устун конструкциялык системанын негизинде пайда болуп, бара-бара туруктуу элдик салтка айланып кеткен. Алсак, дорий ордеринин прототиби катары саман, камыш (кийин черепица) чатырлуу тамдын конструкциялык түзүлүшү алынган. Ионий ордеринин пайда болушуна жалпак чатырлуу турак жайдын курулушу себеп болгон. Архитектура тарыхында дорий, ионий ордерлери 5-6-кылымдан, ал эми коринф ордери 4-кылымдан белгилүү. Кийинчерээк ионий жана коринф ордерлеринин кошулмаларынан композициялык ордер чыккан. Ордерлик системаны колдонуу чоң имараттардын конструкциялык формасын жакшыртууга ыңгайлуу шарт түзгөн.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]