Архитектура акустикасы

Википедия дан

Архитектура акустикасы — акустиканын бир бөлүмү. Ал үн толкундарынын үйдүн ичинде таралышын, чагылышын жана жутулушун, чагылган толкундардын сөздөргө жана музыкага таасир этишин изилдейт. Архитектура акустикасы имараттардын чоң бөлмөлөрүн долбоорлоодо сөздүн жана музыканын жакшы угулуу шартын алдын ала аныктайт. Жабык бөлмөдө үн толкундары кереге, шыптарга тийип кайта чагылат. Ошондуктан угуучуга түз келүүчү үн толкуну менен бир канча жолу чагылган жана өчүүчү, кечигүүчү үн толкундары келет. Негизги үн жоголгондон кийин чагылган толкундардын таасири астында үндүн акырындап өчүү процесси реверберация деп аталат. Үндүн өчүү убактысы (реверберация убактысы) үндүн акустикалык сапатынын негизги белгиси болот. Реверберация убактысы чоң болсо, айтылган сөз жана музыка ачыктыгын жоготот. Туура эмес салынган залдын ар кайсы жерлеринде уккулуктуулук бирдей болбойт. Электр-акустикалык күчөткүч системалары (ревербератор) менен бөлмөнүн ичиндеги угууну жакшыртууга болот.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]