Динара Асанова

Википедия дан
Асанова Динара‎»‎ барагынан багытталды)
Динара Асанова
Төрөлгөндөгү ысымы:

Асанова Динара Кулдашевна

Туулган датасы:

24 -октябрь 1942(1942-10-24)

Туулган жери:

Фрунзе, Кыргыз ССР, СССР

Өлгөн датасы:

4 -апрель 1985(1985-04-04) (42 жаш)

Өлгөн жери:

Мурманск, РСФСР, СССР

Жарандыгы:

СССР желеги СССР

Кесиби:

кинорежиссёр

Карьерасы:

19751985

Багыты:

Ленинград мектеби

Сыйлыктары:

РСФСРдин көркөм өнөрүнө эмгеги сиңген ишмер СССР мамлекеттик сыйлыгы Ленин комсомол сыйлыгы

IMDb:

ID 0038361

Динара Кулдашевна Acaнoвa (24. 10. 1942, Фрунзе - 4. 4. 1985, Мурманск, Орусия; сөөгү Бишкек шаарында коюлган) - кинорежиссёр, РСФСРдин көркөм өнөрүнө эмгеги сиңген ишмер (1980).

Өмүр баяны[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Динара Кулдаш кызы Асанова 1942-жылы 24-октябрда Кыргызстандын борбору Бишкек (мурдагы Фрунзе) шаарында туулган. Атасы Кулдаш Асанов Нарын облусуна караштуу Жумгал аймагынан болот.

1970-ж. Маскөөдө ВГИКти бүткөн.

1960-62-ж. «Кыргызфильм» студиясында режиссёрдун ассистенти («Тяньшан кызы», «Аптап» фильмдерине); 1965-ж. «Ар кимдин өз жолу бар» фильминде аялдын образын жогорку деңгээлде аткарып, актёрдук талантын айгинелеген.

1974-жылдан Орусиянын «Ленфильм» киностудиясында эмгектенген. 10 жыл ичинде 10 толук метраждуу көркөм фильм тартууга жетишкен.

1975-ж. «Тоңкулдактын башы оорубайт», 1977-ж. «Башка бирөөгө берүүгө болбогон ачкыч» фильми Москвада, Италияда, Югославияда өткөн эл аралык фестивалдардын дипломдорун алган.

Булардан соң «Кырсык» (1979), «Аял кетти» (1979), «Жараксыз» (1980), «Сен бирөөнү тандашың керек» (1981) фильмдери жаралды. 1983-ж. «Өспүрүмдөр» фильмин тартып, «Жылдын мыкты фильми» Бүткүл союздук конкурсунун жеңүүчүсү болгон жана СССР мамлекеттик сыйлыгына арзыган (1985, өлгөндөн кийин). 1970-ж. В. Г. Распутиндин «Рудольфио» кыска метраждуу фильмин экрандаштырган. «Балээ» (1978), ушул эле жылы «Жаман кыз» телефильми, «Чырдын башы» аттуу курч проблемалуу, жаңы көз караштагы, кызыктуу фильмдери тартылган. «Садагам, кымбатым, сүйүктүүм, жалгызым» (1984) фильмине Канндагы эл аралык кинофестивалдын диплому ыйгарылган. Асанова жөнүндө «Мен бардыгыңарды жакшы көрөм» (1957), «Динара» (1988) аттуу фильмдер чыгарылган.

Эстутум[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Бишкектеги бир көчөгө анын ысымы коюлган.

Тасмалары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Режиссёр[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Актёр[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Сценарист[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Ал тууралуу адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Большая Российская энциклопедия: В 30 т. / Председатель науч.-ред. совета Ю. С. Осипов. Отв. ред С. Л. Кравец. Т. 2. Анкилоз — Банка. — М.: Большая Российская энциклопедия, 2005. — 766 с.: ил.: карт.

Интернеттеги шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]