Аскер шаймандары

Википедия дан

Аскер шаймандарыаскер кызматчыларынын жарак-жабдыктарын салып жүрүүгө арналган буюмдардын комплектиси. Аскер шаймандарына: белкур, ийин кур, граната жана автоматтын огун салуучу сумка, фляга жана күрөккап, мээлей, буюм мүшөгү, талаа сумкасы, тапанча кабы жана башка кирет. Офицерлер менен сержанттар жана жоокерлердин аскер шаймандарында айырмачылыктар бар.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1