Аспаптык болот

Википедия дан

Аспаптык болот - аспаптар жасалуучу болоттун бир түрү. Курамы көмүртек менен 0,60,7 %ке чейин байытылат. Анын көмүртектүү, легирленген, тез кесүүчү түрлөрү бар. Көмүртектүүсү түрдүү маркадагы болоттор бири биринен курамындагы көмүртектин өлчөмү боюнча айырмаланат. Алар ысытуу жолу менен иштетилип бургу, кескич, өгөө, балта, калибр, микрометр сыяктуу аспаптар жасалат. Легирленгени да кесүүчү, ченөөчү аспаптар үчүн пайдаланылып, жогорку температурада катуулугун сактайт жана анын курамындагы күкүрт, фосфор 0,03 % тен ашпайт. Тез кесүүчүсү Р9, P18 маркасындагы болоттон турат. Мындай болоттон жасалган кескич аспап курч жана тез кесет. Анын курамында 9,18 % вольфрам бар.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1