Ассимиляциялык потенциал

Википедия дан

Ассимиляциялык потенциал (assimilatio - кошулуу, жуурулушуп кетүү; potentia күч, өзүнөн өзү тазалануу; чирүү потенциалы) тирүү организмдер жамааты ээлеген табигый аймактын же акваториянын туруктуулугун жоготпой, табигый жана антропогендик заттарды (таштандылар жана калдыктар) чиритүү жана алардын зыяндуу таасирлеринен арылтуу жөндөмдүүлүгү. Ал заттар табияттын биохимиялык айлануусуна кошулгандан кийин көмүлөт. Мындай көмүүгө казылып алынуучу отундун бардык түрү кирет. Ассимиляциялык потенциал заттардын биохимиялык айлануусунун ургаалдуулугуна, продуктуулугуна байланыштуу жогорку жана төмөнкү ассимиляциялык потенциал болуп бөлүнөт. Натыйжада органикалык тиричилик өнүгөт. Эң жогорку ассимиляциялык потенциал токойго, айрыкча тропик токоюна таандык, анын продуктуулугу башка экосистеманыкына караганда алдаканча жогору. Жогорку ассимиляциялык потенциал мелүүн кеңдиктердин токойлоруна, нымдуу-саздак жерлерге, дельта экосистемасына, төмөнкү ассимиляциялык потенциал чөлгө, жарымчөлгө, тундрага, ошондой эле салыштырмалуу олиготрофтук көлмөлөргө (мисалы, Байкал көлү) мүнөздүү.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1