Астралдык теория

Википедия дан

Астралдык теория (грек. astrum – жылдыз) – космостук табигый кубулуштарды түшүндүрүүгө, таанып билүүгө багытталган теориялык жоболордун системасы.

Бул теория өзүнүн өнүгүшүндө жылдыздар, алардын көп түрдүүлүгү, маңызы, жылдыздар менен адамдардын тагдырынын байланыштары тууралуу байыртадан берки мифологиялык, диний жана космологиялык, космогониялык, астрологиялык түрдүү маалыматтарга таянат. Астралдык теория бүгүнкү күндө жылдыздардын аталышы, табияты, мейкиндик-убакыттык континуумдагы болмушу тууралуу гипотезаларды, көйгөйлөрдү, жоболорду, мыйзам ченемдүүлүктөрдү түшүндүрүүнү максат кылат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Философия (энциклопедиялык окуу куралы).-Б.: 2004, ISBN 9967-14-020-8