Асыл тукум иши

Википедия дан

Асыл тукум иши - мал чарбасында малдын тукум куума касиетин, тукумун жакшыртуу, кунардуулугун арттыруу иш чаралары. Бул иш пландуу өнүккөнгө чейин узак убакыт бою өтө жөнөкөй тандоо ыкмалары ж-а элдик селекциянын негизинде малдын баалуу породалары чыгарылган. Табигый илимдердин өнүгүшү м-н анын теориясы иштелип чыгып, ыкмалары жакшыртылып, азыркы биологиялык илимдин жетишкендиктери колдонулууда. Бул иштер асыл тукум мал өстүрүү чарбасында ж-а колдон уруктандыруу станциясында ж-а инкубатор-үйкуш станциясында жүргүзүлөт. Илимий-изилдөө институттары м-н тажрыйба станциялары, ЖОЖдун атайын кафедралары асыл тукум ишинин теориялык проблемаларын ж-а ыкмаларын иштеп чыгат. Анын негизги элементтери - туура тандоо, төлдү туура багуу. Колдон уруктандыруунун кеңири колдонулушуна байланыштуу тукумдук эркек малдын генотибин (к. Генотип) аныктап, аны тукум сапаты б-ча баалоо (керек касиеттери тукумуна туруктуу өтүүчү тукумдук мал генотиби мыкты деп эсептелет) ишке ашырылууда. Анын негизги ыкмасы - таза тукум мал өстүрүү. Жаңы порода чыгарууда аргындаштыруу ж-а гибриддештирүү колдонулат. Асыл тукум ишин туура алып баруу үчүн малды тоюттандыруу ж-а багууда талапка ылайык шарт түзүү, каттоолорду так жүргүзүү керек. Аны өнүктүрүүдө породаны райондоштуруу, мал аукциондорун өткөрүү иштери жүргүзүлөт.


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1