Атабеков Сайпидин

Википедия дан

Атабеков Сайпидин 1911-жылы Көк-Жаңгак шаарында туулган.

  • Эрте жетим калганына байланыштуу, 15 жашынан эмгек жолун ар жерде жалданып иштөөдөн баштаган.
  • 1929-жылдан баштап, 1932-жылга чейин Көк-Жаңгак шахтасында казуучу болуп эмгектенет.
  • 1932-жылдын май айында Коммунисттик партияга кабыл алынып, ушул эле жылдын сентябрь айында Орто-Азия Коммунисттик Университетине окууга жиберилет.
  • Окууну бүткөндөн кийин, 1935-жылга чейин Термез шаарында Советтик Армиянын катарында кызмат кылат.
  • 1935-1941-жылдары Октябрь райкомунда инструктор, кадрлар бөлүмүндө катчы, Дмитриевка селыюсунун төрагасы болуп иштейт.
  • 1941-1945-жылдары Улуу Ата Мекендик согушка катышат.
  • 1945-1950-жылдары партиянын Республикалык мектебинин угуучусу, Ленин райондук Кеңешинин аткаруу комитетинин төрагасы, 1951-1954-жылдыры Октябрь райпосунун башчысы, 1954-1961-жылдары Токтогул райондук Кеңешинин аткаруу комитетинин төрагасы, Токтогул райкомунун биринчи катчысы, Жаңы-Жол районундагы “Аркыт” токой чарбасынын директору, Сузак районундагы 20-партсьезд колхозунун башкармасы, 1962-жылдан өмүрүнүн акырына чейин Сузак районунун Бек-Абад айылындагы “Эркин” колхозунун башкармасы болуп эмгектенген.
  • 1977-жылы жай мезгилинде узакка созулган оорудан кийин дүйнөдөн кайткан.
  • 1978-жылы 6-февралда Кыргыз ССР Жогорку Кеңешинин Президиумунун Указы менен Бек-Абад айылдык Кеңешине Сайпидин Атабековдун ысымы берилет.
  • “Ленин”, “Октябрь революциясы”, үч “Эмгек Кызыл-Туу”, “3-даражадагы даңк”, “Ардак белгиси” ордендери жана 8 медалдын ээси.
  • Кыргыз ССР Жогорку Кеңешинин депутаты болгон.


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Ааламга кеткен жол айылдан башталат: Багыш айыл аймагы. – Бишкек, 2015. ISBN 978-9967-04-673-3