Атагелдиев Эмил Мунарбекович

Википедия дан

Атагелдиев Эмил Мунарбекович (1976-ж. т., Фрунзе ш.) - пианист.

  • Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти (2003).
  • М. Абдраев атындагы музыкалык мектеп-интернатта, 1994-ж. Кыргыз улуттук консерваториясында окуган.
  • 1996-ж. «Кыргызстандын жаш пианисттери» аттуу Республ

икалык конкурстун лауреаты болгон.

  • 1997-ж. Париждеги эл аралык пианистердин конкурсуна катышып лауреат болгон.
  • 1998-ж. Италияда өткөн бүткүл дүйнөлүк жаш пианисттердин эл аралык конкурсунда экинчи орунду ээлеп, Парижде музыкалык билимин өркүндөтүүгө чакыруу алат. Ошол эле жылы пианисттердин эл аралык конкурсунда биринчиликти жеңип алган.

Кыргыз Республикасынын Президентинин, «Мээрим» эл аралык кайрымдуулук фондунун «XXI кылымдын кадрлары», «Прелюдия», «Алтьш шаты» билим берүү программасынын алкагында стипендиаты болот.

2000-жылдан Кыргыз улуттук консерваториянын фортепьяно кафедрасьгнда педагог.

2000-ж. Эл аралык чыгармачылык академиясы П. И. Чайковскйй медалы менен сыйлаган. Анын оркестрдин коштоосундагы концерттери Кыргызстанда, чет өлкөлөрдө зор ийгиликтер менен өтүүдө.

Ал дүйнөлүк композиторлор Л. Бетховендиң, С. Прокофьевдин, Ф. Листтин, П. Чайковскийдин, В. А. Моцарттын, Д. Шостаковичтин ж. б. чыгармаларын аткарат. Түркияда, АКШда, Францияда, Италияда ж. б. өлкөлөрдө гастролдо болот.„

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Алагушов, Балбай. Кыргыз музыкасы: Энциклопедиялык окуу куралы / Башкы редактору Үсөн Асанов. – Бишкек: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004. – 400 бет. -ISBN 9967-14-016-X.