Атан төө

Википедия дан

Атан төө - байыркы түрк тилдеринде «жумушчу төө» маанисин аныктаган. Атан кыргыз, казак, тува тилдеринде мингич төөнү аныктайт. Бул сөз кыргыз тилинде эки мааниде чечмеленет: І.Бычылган эркек төө; 2. Аты чыгып, элге кеңири белгилүү болуу, атагы чыгуу. Байыркы лексикалык катмарга кирген бул энчилүү ат шамандык диний ишенимди чагылдырышы ыктымал. Алтайлыктардын курамындагы челкан, телеут жана теленгиттерде шамандын бубени «ак адан» деп аталары маалым (алт. тув. «ак адан» - «ак төө»). Хакастарда азыркы күндө «адан» сөзү шамандын бубенин аныктайт. Түштүк Сибирдин түрк тилдүү элдеринде бубен шамандын мингич аргымагын элестетери белгилүү. Ритуал учурунда жаныбардын терисинен (марал, бугу, багыш, төө ж.б.) оролуп, кооздолуп жасалган бубен шамандын Жер Эне менен Көк Теңирдин ортосундагы аткарылуучу кабарчылык миссиясында канаттуу мингич аргымакты элестетет. Телеут шаманы ритуал мезгилинде «алты өркөчтүү ак адан» деген дубасын айткан. Ушул эле автордун белгилөөсүндө «ак адан» диний ритуал мезгилинде челкан шамандарынын кыялында бычылган ак төөнү туюнткан. Бул мисалдар челкандардын, телеут жана теленгиттердин ата-бабалары өткөн тарыхый мезгилдерде төө багуу менен кесиптенишкендиктерин да тастыктайт. Кыргыздардын мал чарбачылыгынын бир тармагынын шаман бубенинде чагылдырылышы «ак төөнүн» алгач тотемистик мүнөзгө ээ болгондугун аныктайт. Кыргыз, тува, өзгөчө казактарда ак төөгө сыйынып, курмандык чалып, түлөө өткөзүү кенен тарагандыгы маалым. Атан - кыргыздын багыш уруусунун курамындагы урук катары маалым.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]