Атлант

Википедия дан
Атлант.

Атлант -

  1. байыркы грек мифологиясында асманды желкесине көтөрүп турган титан-алп; Ал титандардын кудайларга каршы күрөшүнө катышканы үчүн Зевстин буйругу б-ча ушул жазага тартылган;
  2. имараттарды, порталдарды жасалгалоодо архитектуралык дубалга же колоннага кошо тургузулган эркектин статуясы. Атлант балкондордун ж-а эркерлердин тирөөчтөрү катары орнотулат. Мындай скульптуралык ыкма Байыркы Грекияда (б. з. ч. 5-4-к.) пайда болуп, 17-20-кылымдын архитектурасында кеңири орун алган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1