Атомдук Энергия боюнча эл аралык агенттиги (МАГАТЭ)

Википедия дан

Атомдук Энергия боюнча эл аралык агенттиги (МАГАТЭ) - (англ. IAEA, кыск. International Atomic Energy Agency) - атомдук энергияны тынчтык жолу менен колдонуу жаатында кызматташтыкты өнүктүрүү үчүн түзүлгөн эл аралык уюм.

Агенттик 1957-ж. БУУнун 1954-ж. 4-дек. чечиминин негизинде түзүлгөн. БУУнун топтомуна кирет. Жыл сайын БУУнун Башкы Ассамблеясына жана керек болгон учурда БУУнун Коопсуздук Кеңешине өзүнүн ишмердүүлүгү тууралуу доклад кылып турат. Анын ишмердүүлүгүндөгү эң маанилүү багыты - ядролук куралдын таралбастыгын камсыз кылуу.

Штаб-квартирасы Венада жайгашкан (Эл аралык Вена борбору). Ядролук куралды жайылтпоо жөнүндөгү келишимдин пайда болушу менен уюмдун иши өзгөчө мааниге ээ болгон. Өлкөдө агенттиктин максаты - ядролук тынчтык жаатындагы иштер согуштук максатына өтүп кетпестигин констатациялоо. Мамлекеттер бул келишимге кол коюуда изилдөөлөрүн согуштук кыймылга алып келбестиги тууралуу кепилдик беришет. Агенттик - эң эле техникалык орган. Ал тигил же бул мамлекеттин ишмердүүлүгүнө саясий баа бере албайт. Агенттик божомолдорду курууга укугу жок - ал тек гана накта фактылар менен иштейт

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Адам укуктары, демократия, бийлик. Энциклопедиялык сөздүк. – Б.: 2015. -496 б. ISBN 978-9967-27-790-8