Атом аралык аракеттешүү

Википедия дан

Атом аралык аракеттешүү - эркин абалдагы, ошондой эле бир же ар түрдүү молекулалардын, кристаллдардын жана башкалардын заттардын курамына кирүүчү атомдордун бири-бири менен өз ара байланыштары. Алар коваленттик, иондук, металлдык, жана ван-дер-ваальстык аракеттешүү болуп бөлүнөт. Биринчи үч типтеги аракеттешүү молекулаларда, атомдук жана иондук, металлдык кристаллдарда химиялык байланыштын пайда болушуна себепкер; ван-дер-ваальстык аракеттешүү молекула аралык өз ара аракетти шарттайт. Коваленттик, иондук, металлдык аракеттешүүнүн энергиясы ~102 кДж/молъ, суутектик аракеттешүүнүкү ~10-50 кДж/молъ жана ван-дерваальстык аракеттешүүнүкү -0,1-1 кДж/молъ. Жогоруда аталган күчтөр атомдор же молекулалар аралык тартылууну шарттайт. Мындан тышкары атомдор белгилүү аралыкка жакындаганда алардын ортосунда түртүлүү күчү пайда болуп Паули принциби менен түшүндүрүлөт. Тартылуу жана түртүлүү күчүнүн тең салмактуу абалы туруктуу молекулалар же кристаллдардын системасын пайда кылат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1