Атоналдуулук

Википедия дан

Атоналдуулук (а... жана тоналдуулук) - тоналдуулуктун жоктугун билдирүүчү музыкалык термин. Белгилүү бир тоналдык борборду (тоника) угууга мүмкүн болбогон музыкага карата колдонулат. Термин хроматизмди интенсивдүү пайдалануу, диатониканын 7-баскычынан, мажор менен минордон, консонанс - тапшыруучу үч үндүктөн баш тартуу менен, ошонун натыйжасында тоналдуулуктун тутумдаш системасынан, модуляциянын жана тоналдык пландын мүмкүнчүлүгүнөн да баш тартуу менен байланышкан музыкалык чыгарманы жаратуучу музыкалык түзүлүштүн чоң областын камтыйт. Эпизоддук жактан тоналдык белгисиздик романтикалык гармонияда кезигет. 19-20-кылымда ченде музыкалык тилдин татаалданышынан улам Европада гармоникалык система пайда болгон. Атоналдуулукту негизинен додекафония, пуантизм, экспрессионизм сыяктуу чыгармачыл агымдар түзөт. А. Шёнберг, А. Берг, А. Веберн жана бир катар музыкалык теоретиктер «Атоналдуулук» терминин так эместиги үчүн сындашкан.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1