Аттенюатор

Википедия дан

Аттенюатор (фр. attenuer - төмөндөтүү) - электр чыңалуусун, токтун күчүн жана электр-магниттик термелүүнүн кубаттуулугун жайыраак, баскычтуу жана берилген гана чоңдукка төмөндөтүүчү түзүлүш.

Өтө жогорку жыштыктуу тармакта Аттенюатордун сиңирүүчү жана чектүү эки тиби колдонулат. Сиңирүүчү Аттенюатордо электр-магниттик толкундун кубаттуулугу радио толкун өткөргүчтүн ичине жайлаштырылган пластинанын сырткы графит катмарына же ички жогорку каршылыктуу өткөргүчкө жутулуп, ал кубаттуулук төмөндөтүлөт. Чектүү Аттенюатор толкун узундугу критикалык абалдан бир кыйла чоң болгон электр-магниттик термелүүлөрдүн радио толкуну өткөргүчтөн өткөндө, абдан тез басаңдай тургандыгына негизделген. Аттенюатор электр, радио жана өтө жогорку жыштык техникасында кеңири колдонулат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор А. Табалдиев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1976. Том 1. А - Бюулук -608 б.