Аттилла (Адил хан)

Wikipedia дан
Аттилла


А д и л х а н (т.ж. белгисиз–453) – Борб. Азиядан Европага чейинки аймакты басып алган хунн уруулар союзунун кол башчысы, Мундцуктун уулу. Аны европалыктар «Кудайдын каары, ааламдын токмогу» деп аташкан. 433-ж. Ругилас өлгөндөн кийин бир тууганы Бледа менен бирдикте хунндарды башкарат. 445-ж. Бледаны өлтүрүп, жеке өзү кол башчы болуп калат. Сармат ж-а герман урууларын баш ийдирип, өз өлкөсүнүн аймагын зор өлчөмгө кеңейтет. А. остготтордун, гепиддердин, тюрингиялыктардын, герулдардын, ругилердин ж-а хазарлардын күчтүү союзун түзөт. Анын резиденциясы жогорку Венгриядагы Токайда жайгашкан. А. алгач Чыгыш Рим империясына өзгөчө коркунуч туудуруп, император Феодосий IIни зор өлчөмдөгү салыкты төлөөгө мажбурлаган ж-а төмөнкү Дунайдын оң жак жээгин бүт бойдон өзүнө баш ийдирип алган. Мидияны, Фракияны ээлеп, Константинополдун чет жакаларына чейин чабуул коюп турган. 450-ж. Батыш Рим императору Валентиан III карындашы Гоно-рияны бербей койгондугуна ызаланып, 500 миң жоокери м-н Рейн дарыясына чейинки аймакты ээлейт. Трир, Мец, Аррес, Орлеан ш-ларын курчоого алып, жоокерлерин Каталаун түздүгүнө Труа ш-на жакын жерге жайгаштырат. Ушул жерде 451-ж. күзүндө элдердин эбегейсиз зор кагылышуусу болот. Хунн-дардын 2 жолку чабуулунун мизи кайтарылат. А. жоокерлерин Вагенбург чыңдоосуна жайгаштырат. Бул салгылашууда 200 миңден ашык жоокер курман болот. Кийинки жылы А. жаңы согушка аттанат. Чыгыш Альпы аркылуу Италияга өтүп, Аквилеяны, Альтинумду, Пазуяны, Миланды өз курамына кошот. Бүткүл Италияга коркунуч туулат. Бирок, А. күтүлбөгөн жерден жеңиштүү жүрүшүн токтотуп, сүйлөшүүгө даяр экендигин билдирет. Себеби, Папа Лев Iден чоң суммадагы акчаны алган эле. А. Паннонияга кайтып келет. 453-ж. бургундиялык Ильдико м-н никелешкен түнү каза болот. А-нын катуу соккудан же өз эли үчүн өч алгысы келген Ильдиконун колунан ажал тапкандыгы ж-дө божомолдор бар. А. өлгөндөн ки-йин хунн падышачылыгы тараган.

Маалымат булактары[оңдоо]

Кыргыз тарыхы боюнча кыскача энциклопедия. Бишкек. 2003