Ат коюу (чабуул)

Википедия дан

Ат коюу (чабуул) — атчан аскерлердин душманга чабуул коюу ыкмасы. Эпостун согуштук окуяларында баатырларын, балбандарын, аткычтарын, найзачанын, кылыччанын өз-өзүнчө бөлүп, салгылашууга киргизгени жогорку көркөмдүктө элестүү сүрөттөлөт. Кыргыздын элдик оозеки чыгармаларында баатырларды, жоокерлерди атсыз элестетүү кыйын. Ошондуктан А. к. эпосто жоокерчилик окуялардын чордонун түзөт: Күн жүрүш жактан күркүрөп, Аркасынан Жолойдун Алда канча көп аскер Ат коюптур дүркүрөп (Сагымбай Орозбаков, 4. 314).

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

"Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4