Аутоинфекция

Википедия дан

Аутоинфекция (ауто... жана ...инфекция) — организмдин өзүндөгү инфекциянын кайталанышы. Оорудан айыккан адамдын организминде сакталып калган козгогучтар кээ бир ыңгайлуу шартта жанданып, ошол эле инфекцияны кайра козгойт. Аутоинфекция көбүнчө жугуштуу бактериялык ооруларга таандык. Организмдпн жалпы туруктуулугу начарлаганда, чарчаганда, узакка ачка болуп алсызданганда, кансыраганда жана башка жагымсыз абал учурунда, организмдеги козгогучтар (микробдор) көбөйүп, өнүгүп, мурунку инфекция кайталанышы мүмкүн.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1