Афонт тоосу

Википедия дан

Афонт тоосу- соңку палеолит доорундагы байыркы адамдардын турак жайы.

Красноярск шаарынын жанында. 1884-ж. И. Т. Савенков ачкан. Казуу жумуштары 1923-25-ж. жүргүзүлүп, байыркы турак-жайлардын калдыктары, таштан, сөөктөн жасалган куралдар, мамонт, түндүк бугусу, аюу өңдүү айбандардын сөөктөрү табылган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор А. Табалдиев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1976. Том 1. А - Бюулук -608 б.