Африка биримдиги уюму(АБУ)

Википедия дан

Африка биримдиги уюму(АБУ) - Африкадагы көз каранды эмес мамлекеттердин бирикмеси. 1963-жылы майда Аддис-Абебада (Эфиопия) континенттеги көз каранды эмес 31 мамлекеттин өкүлдөрү катышкан конференцияда негизделген. 1994-жылга карата бирикмеге 53 мамлекет кирген. Уюмдун негизги максаты: Африка өлкөлөрүнүн биримдигин чыңдоо, алардын аракеттерин координациялоо жана экономикалык өнүгүүсүнө жардамдашуу. Уюмду негиздеген конференцияда кабыл алынган хартия боюнча Африкадагы көз каранды эмес ар бир мамлекет уюмга мүчө боло алат. Жогорку органы - мамлекет жана өкмөт башчыларынын Ассамблеясы (жылына бир ирет чакырылат). Жогорку аткаруу органы Министрлер Совети (буга тышкы иштер министрлери кирет, сессия жылына эки ирет чакырылат). Ассамблеялардын жана Министрлер Советинин сессияларынын аралыгында уюмдун күндөлүк жумушун Гененералдык секретариат жүргүзөт. АБУнун штаб-квартирасы Аддис-Абебада жайгашкан.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1