Ахна, урук

Википедия дан

Ахна уругу - Каратегиндеги муңгуштардын курамындагы уруктун аталышы[1].

Этноним[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Этнонимдин адепки формасы “ухна” болуусу мүмкүн. Ухна - монголчо “теке”, “талаа эчкиси” маанисин түшүндүрөт[2]. Бул термин бүгүнкү бурят-монгол тилдеринде “огоно” түрүндө да айтылат. А.М. Щербак бул терминдин кыргыз тилинде “она” формасында календарлык айлардын аттары - баш оона, аяк оона катары сакталып калганын белгилейт. Этнонимдин чыгыш теги тотемдик түшүнүккө байланыштуу экендигин анын жылдын ай аталыштарында сакталышы да бышыктайт.
Охна - Кадамжай районунданы ири айылдын аталышы катары маалым.

Эскертүүлөр[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  1. Абышкаев, 1965, 15.
  2. Щербак, 1961, 118-119.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]