Ацидиметрия

Википедия дан

Ацидиметрия (лат. acidus - кычкыл, гр. metreo - өлчөм) - эритмедеги кислоталарды аныктоонун көлөмдүн методу.

Концентрациясы белгилүү болгон жегичтердин эритмесин кислоталардын эритмесине акырындап кошуу менен жүргүзүлөт. Реакциянын аякталыш индикатордун жардамы менен билинет. Ацидиметрия хим. лабораторияларда кеңири колдонулат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор А. Табалдиев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1976. Том 1. А - Бюулук -608 б.