Ачык-Суу мөңгүсү

Википедия дан

Ачык-Суу мөңгүсүЧоң Алай кырка тоосунун түн. капталында. Узундугу 8,3 км, аянты 10 км2, абляция облусунун аянты 4,1 км2. Кызылсуунун сол куймасы Ачык-Cуунун алабынан орун алган. Мөңгүнүн башы деңиз деңг. 5680 м, этеги 3700 м бийиктикте жатат. Кар чегинин бийиктиги 4100 м. Тик капталдарда жаткан фирн жана кар массасы ылдый карай жайык мульдага жылып түшүп, андан мөңгү агымы түндүк чыгышка карай жылат. Этегинин 4,1 км2 аянты мореналар менен капталган. Мөңгүдөн аты окшош суу агып чыгып, Кызыл-сууга сол тараптан куят.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]