Ашот

Википедия дан

Ашот - Багратилер династиясынан чыккан армян падышалары.

Бул династияга Ашот I Багратуни (891-ж. ө.) негиз салган. Ашот II Темир (928-ж. ө.) 914-жылдан баштап падыша болгон. Ашот III Кайрымдуу 953-977-ж. бийлик жүргүзгөн. Ашот падышаларынын мезгилинде Армения борбордошкон күчтүү мамлекетке айланат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор А. Табалдиев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1976. Том 1. А - Бюулук -608 б.