Аштарханиддер

Википедия дан

Аштарханиддер, жаниддер - Бухара хандарынын 1599-1765-жылдары бийлик жүргүзгөн династиясы, Астрахань хандарынын тукумдары. Аштарханиддердин бийлиги Бухарада Шейбаниддердин бийлиги кулатылган соң орнотулган. Аштарханиддердин көрүнүктүү бийлөөчүлөрү: Имамкулихан (161142), Убайдуллахан II (1702-11). Аштарханиддердин тарыхы көчмөн өзбек уруулары, каракалпак, казак жана калмактардын саясий күрөштөрү менен тыгыз байланыштуу. Айрым бир тарыхый маалыматтарда алардын саясий иштерине кыргыз уруу төбөлдөрү да катышканы айтылат. Мир Мухаммед Салим ажынын «Султандардын санжырасы» («Силсилат ас-Салатин») деген эмгегинде (1730-31) аштарханиддерде таасирлүү бийликтеги Назар бий жана анын уулу Хосров бек буруттар (кыргыздар) болгондугу эскерилет. Бухара хандыгынын тактысына маңгыт уруусунан чыккан Мухаммед Рахим аталыктын отурушу менен аштарханиддердин бийлиги аяктаган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1