Калканбай Ашымбаев

Википедия дан
Ашымбаев, Калканбай‎»‎ барагынан багытталды)

Ашымбаев Калканбай (К.Кеңешбеков) - прозаик, жазуучу Кыргыз эл жазуучусу.[1]

Өмүр таржымакалы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Калканбай Ашымбаев 1932-жылы 10-сентябрда Ак-суу районундагы Кайырма-Арык айылында туулган.
1952-жылы Караколдогу окутуучулар институтун,
1966-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетинин журналистика бөлүмүн бүтүргөн.
1952-жылы мектепте мугалим, окуу бөлүмүнүн башчысы,
1959-жылдан «Ленинчил жаш» гезитинин адабий кызматкери, «Мугалимдер газетасынын» бөлүм башчысы, «Кыргызстан маданияты» гезитинин улук кабарчысы, «Ден-соолук» журналынын редактору, «Чалкан» журналынын фельетон бөлүмүнүн башчысы жана редактору болуп иштеген.
1957-жылы «Жаш ленинчи» журналына «Атасы айыктырды» аңгемеси жарыяланган.
1963-жылы «Көк конверт» аттуу алгачкы аңгемелер жана повесттер жыйнагы жарык көргөн. КРнын Билим берүү жана илим министрлигинин Жарлыктары менен «Бой тумар», «Батакөй чал» аттуу китептери окуу программасына киргизилген.
1960-жылдан СССР Журналисттер союзунун,
1976-жылдан СССР Жазуучулар союзунун мүчөсү.
«1941–1945 Улуу Ата Мекендик согуш жылдарындагы эмгектеги каармандыгы үчүн», «Эмгек ветераны», Улуу жеңиштин 30,40,50,60 жыл-дык юбилейлик медалдары жана Кыргыз ССРинин Жогорку Кеңешинин, Кыргызстан ЛКЖС БКнын Ардак грамоталары менен сыйланган.
«Эл агартуунун отличниги» төш белгиси, «Кыргыз Республикасынын маданиятынын эмгек сиңирген ишмер» (1992) ардактуу наамдары ыйгарылган.

И.Арабаев атындагы университеттин ардактуу профессору.

Жарык көргөн китептери[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз тилинде:

  • Көк конверт Повесть жана аңгемелер. – Ф.: Мектеп, 1966. – 62 б.
  • Алачык Аңгемелер. – Ф.: Мектеп, 1969. – 24 б.
  • Жарты жан Сатиралык аңгемелер жана такмазалар. – Ф.: Кыргызстан, 1970. – 107 б.
  • Сокмо көйнөкчөндөр Повесттер. – Ф.: Мектеп, 1970. – 111 б.
  • Жанчар Повесть жана аңгеме. – Ф.: Кыргызстан, 1974. – 127 б.
  • Болоттун куймасы Повесттер жана аңгемелер. – Ф.: Мектеп, 1975. – 234 б.
  • Жолдогу өмүр Повесттер жана аңгемелер. – Ф.: Кыргызстан, 1978. – 145 б.
  • Насаатчы Очерктер. – Ф.: Кыргызстан, 1981. – 92 б.
  • Интергельпо Роман. – Ф.: Мектеп, 1982. – 267 б.
  • Кантсин бечара Шакабалар, күйдүргүлөр, жанытмалар. – Ф.: Кыргызстан, 1987. – 172 б.
  • Баатыр Докум. аңгеме: Мектеп жашындагы кенже балдар үчүн. – Б.: Адабият, 1990. – 64 б.
  • Мамбеталынын айткандары Көркөм аңгемелер, уютмалар жана манасчы жөнүндө кыскача эскерүүлөр. – Кант : Б-сыз, 1997. – 67 б.
  • Горька Сатиралар, фельетондор, уютмалар жана эпиграмма. – Кант, 1999. – 48 б.
  • Илимпоз табияты Повесть. – Кант, 1999. – 100 б.
  • Академик өмүрү Роман. – Б.: Кыргызполиграф комбинаты, 2002. – 311 б.
  • Теңизжан Повесть. – Б.: Бийиктик, 2003. – 124 б.
  • Батакөй чал Философиялык этюддар. – Б.: Эркинтоо, 2006. – 108 б.
  • Күйүмдүү жүрөк Повесть. – Б.: Учкун, 2007. – 136 б.
  • Бой тумар Асыл-ой берметтери. – Б., 2007. – 108 б.
  • Даанышман Философиялык этюддар. –Б.: Эркинтоо, 2008. – 236 б.
  • Акылмандын каухар таш: Асыл-ой берметтери. – Б.: Эркинтоо, 2008. – 110 б.

Котормолору

  • Абалкы асыл ойлор Эзоптон. – Б.: Адабият, 2002. – 128 б.

Интернеттеги шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]


  1. архив көчүрмөсү. Текшерилген күнү 2 -февраль (бирдин айы) 2021. Түп булактан архивделген күнү 2 -декабрь (бештин айы) 2021.