Ашыралиев Токтонаалы

Википедия дан

Ашыралиев Токтонаалы (1918-ж. т., Торкен айылы, Токтогул району) - айыл чарба өндүрүшүнүн ишмери. Атамекендик согуштун катышуучусу.

1946-49-ж. партиянын Токтогул райкомунда жооптуу катчы, 1956-73-ж. Токтогул районундагы «Торкен» колхозунда бригадир, г колхоз башкармасынын төрагасы, 1973-80-ж. «Кетментөбө» совхозунун директору, 1980-87-ж. райондо жаңыдан уюшулган адистештирилген чарбанын директору болуп иштеген.

Атамекендик согуш, 2 Эмгек Кызыл Туу, «Ардак Белгиси» ордендери, медалдар менен сыйланган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Токтогул району: Энциклопедия/ Башкы ред. Ү. Асанов; Ред. колл.: О. Ибраимов (төрага) ж. б. - Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2005. 292 б., ил.ISBN 9967-14-030-5