Аш кызылчасы

Википедия дан

Аш кызылчасы - шакардуулар тукумунун кызылча уруусунун бир түрү; эки жана көп жылдык техникалык өсүмдүк. Уругунан өсүп чыгат, биринчи жылы тамыр, сабак байлап, экинчи жылы урук алынат. Жалбырагы чоң, жалбырак сабы, тарамышы кочкул-кызыл; тамак-ашка азык тамыры, жаш жалбырагы пайдаланылат. Аш кызылчасында кант, белок, органикалык клетка, клетчатка, туз, ошондой эле С, В, РР, В витаминдери бар. Анын 21ден ашуун сорту (Бордо 237, Кыштык А-474 жана башка) өстүрүлөт. Аш кызылчасын тамак-аш катары, дарылык касиети болгондуктан кан басымы жогорулаганда, ичеги-карын ооруларында дарылыкка пайдаланат. Ал которуштуруп айдоодо мурда капуста, томат, бадыраң айдалган жерге эгилет. 1 га жерге 16-20 кг урук 33 см катар аралыкта, 2-3 см тереңдикте себилип, 400-500 ц түшүм алынат. Эки жолу (өнүп чыкканда, суюлтулгандан кийин) кошумча азыктандырылып, 2-3 жолу сугарылат. үрөндүгү сабагы кесилип, жазга чейин сакталат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1