Аэроклиматология

Википедия дан

Аэроклиматология (аэро... жана климатология) - атмосферанын жогорку катмарындагы климаттык шарттар жөнүндөгү илим; климатологиянын бир бөлүмү. Ал тропосферадагы жана стратосферанын төмөнкү бөлүгүндөгү климаттык шарттарды изилдейт. Көп жылдык байкоо менен радиозондоонун жана учуучу шар станциялардын маалыматтары аэроклиматология үчүн негизги материалдар болуп эсептелет. Аэроклиматологиянын милдети негизги метеорологиялык элементтердин үч өлчөмдүү бөлүнүш жана өнүгүшүнүн эмпириялык жол менен аныктап, теориялык жактан түшүндүрүү. Аэроклиматологиянын маалыматтары атмосферанын жалпы циркуляциясынын үч өлчөмдүү көрүнүшүн жана ага байланыштуу жер шарындагы температуранын, нымдуулуктун режимин аныктоого мүмкүндүк берет. Аба транспортунун катнашын камсыз кылууда аэроклиматологиялык изилдөөлөрүнүн практикалык мааниси чоң.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1