Аялуу (аномалдуу) балдар

Википедия дан

Аялуу (аномалдуу) балдар – дене-бою же психикалык жактан өнүгүшү нормалдуу эмес, атайын шарттарда тарбиялап-окутууну талап кылуучу балдар. Мындай балдардын өсүп-өнүгүшүнүн нормадан четтөөсү тубаса жана кийин пайда болгон деп бөлүнөт. Кээде «майып балдар» деген термин да колдонулат. Аялуу (аномалдуу) балдардын майыптыгынын негизги категориялары: көрүүсү, угуусу, сүйлөөсү бузулган, кем акыл балдар. Аларды тарбиялап, окутуу дефектология илиминин мазмунун түзөт. Мындай балдарды үйрөнүү процессинде майыптыктын башталышы, анын мүнөзү жана убактысы, баланын аномалдуу өсүшүнүн жолдору айкындалат; баланын сезгичтигинин бузулушунун так мүнөздөмөсү (анын угуусу, көрүүсү, ойлоосу канчалык даражада начарлагандыгы жана башка) берилет. Окутуу процессинде өсүү кемчиликтерин аныктоо жана аларды компенсациялап, толуктоонун жолдорун иштеп чыгуу боюнча жүргүзүлүүчү педагогикалык изилдөөлөр өзгөчө маанпге ээ. Баланын сабакты начар өздөштүрүүсү көп учурда анын угуу же көрүү органдарынын начар же психикалык жактан өсүшүнүн төмөн экендигин өз убагында байкап билбегендиктен келип чыгат. Ошондуктан бул кемчиликтер билинер замат ата-энелер педагогдорго жана психоневрологдорго кайрылып, консультация алышы зарыл. Мындай баланы мектепке чейинки атайын мекемеге орноштуруу керек.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1