Баалуу кагаздар базарынын кесипкөй катышуучуларынын өз алдынча жөнгө салынуучу уюмдары

Википедия дан

Баалуу кагаздар базарынын кесипкөй катышуучуларынын өз алдынча жөнгө салынуучу уюмдарыКР жарандык мыйзамдары боюнча, мыйзамга ылайык аракет кылуучу жана коммерциялык эмес уюмдар принцибинде иштей турган баалуу кагаздар базарынын катышуучуларынын ыктыярдуу бирикмеси. Баалуу кагаздар базарын жөнгө салуучу мамлекеттик орган тарабынан берилген улуксаттын негизинде баалуу кагаздар базарынын кесипкөй катышуучуларынын өз алдынча жөнгө салынуучу уюмдары статусу тапшырылат. Ал өз иш шарттарын камсыз кылуу, кесипкөйлүк адеп-актык калыптарын сактоо, баалуу кагаз ээлеринин жана уюм мүчөлөрү болуп саналган дагы башка кардарлардын кызыкчылыгын коргоо, баалуу кагаз аткарымдарынын эрежелери менен калыптарын белгилөө үчүн баалуу кагаздар базарынын катышуучулары тарабынан түзүлөт. Баалуу кагаздар базарынын кесипкөй катышуучуларынын өз алдынча жөнгө салынуучу уюмдарынын баардык кирешелери алдыга коюлган милдеттерди аткаруу үчүн жумшалат жана ал анын мүчөлөрүнүн арасында бөлүштүрүлбөйт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]