Багаттль

Википедия дан

Багаттль - (фр. Bagatelle майда-чүйдө) жеңил аткарылуучу, чакан, көбүнчө фортепьяно үчүн жазылган музыкалык чыгарма. «Багаттль» деген түшүнүктү алгач Ф. Куперен киргизген. Кийин Л. Бетховен, А. К. Лядов, А. Дворжак сыяктуу композиторлор тарабынан өркүндөтүлгөн. 20-кылымдын композиторлорун пьесалык чыгармалардын циклдериндеги ар бир пьесанын музыкалык тилинин өз алдынча изденүү мүмкүнчүлүгү кызыктырган. Ф. Бузони, Ф. Пуленк, Б. Барток, А. Веберн кылдуу аспаптар квартети үчүн Багаттль жазышкан.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]