Мазмунга өтүү

Бажы режими

Википедия дан

Бажы режимибажы укугунда КР бажы чек-арасы аркылуу кирип-чыккан товарлар менен унаа каражаттарынын статусун аныктай турган жоболор жыйындысы. Бажылык жөнгө салуу максатында КР бажы мыйзамдарында Б. т-нин төмөнкүдөй түрлөрү белгиленген: а) эркин жүгүртүү үчүн чыгаруу; б) кайра импорттоо; в) транзит; г) бажы кампасы; д) алымсыз соода дүкөнү; е) бажы аймагында кайра иштетүү; ж) бажы көзөмөлү астында кайра иштетүү; з) убактылуу ташып келүү; и) убактылуу ташып кетүү; к) атайын бажы режимдери; л) бажы аймагынан сырткары кайра иштетүү; м) экспорт; м) кайра экспорттоо; о) жок кылуу; п) мамлекет пайдасына баш тартуу. Жактар каалаган учурунда каалаган Б. т-н тандап алууга же КР бажы мыйзамдарында башкача каралбаса, товарлар менен унаа каражаттарынын мүнөзүнө, санына, чыккан өлкөсүнө же арналышына карабастан, аны башкага алмаштырып алууга акылуу.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]