Байланыш түйүнү

Википедия дан

Байланыш түйүнү — байланышты камсыз кылуучу негизги пунктта жайгаштырылган ар кандай байланыш каражатынын комплекси. Ал бир аймактагы калкты, ишканаларды, мекемелерди, уюмдарды радио уктуруу, почта, телефон жана телеграф байланыштары боюнча тейлеп, гезит, журнал, пенсия таркатуу иштерин аткарат. Шаар аралык телефон жана телеграф байланыштарын жүргүзүү үчүн айрым шаарларда транзит байланыш түйүнү курулат. Аскер байланыш түйүнү радио түйүнүнөн, телеграф жана телефон станциясынан, кабар жыйноо жана билдирүү пунктунан, байланыш самолётунан, вертолётунан ж. б. турат. Аскер байланыш түйүнү туруктуу жана убактылуу болуп бөлүнүп, убактылуу байланыш түйүнү командалык, байкоо жүргүзүлүүчү жана тылдагы башкаруу орундарында түзүлөт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 2-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2007. 808 бет, илл. ISBN 978 9967-14-055 -4