Баймырзаев Каныбек Акылбекович

Википедия дан

Баймырзаев Каныбек Акылбекович (11.1.1950-ж.т., Жер-Капчыгай айылы) - билим берүү тармагынын көрүнүктүү ишмери, Эл агартуунун отличниги.

Ош мамлекеттик педагогика институтун бүткөн (1974).

  • 1967-69-жылдары Чаткал совхозунун №1 фермасында жумушчу, щофер,
  • 1974-79-жылдары Каныш-Кыя орто мектебинде химия-биология мугалими, тарбиялык иштер боюнча уюштуруучу, окуу-тарбия иштери боюнча директордун орун басары,
  • 1979-80-жылдары К.Маркс толук эмес орто мектебинде директор,
  • 1980-81-жылдары элге билим берүү бөлүмүнүн инспектору,
  • 1981-86-жылдары Эл депутаттарынын Каныш-Кыя айылдык кеңешинин төрагасы,
  • 1986-91-жылдары Чаткал райондук элге билим берүү бөлүмүнүн башчысы,
  • 1991-жылдан Чаткал райком партиясынын 2-катчысы,
  • 1992-97-жылдары райондогу № 46 кесиптик-техникалык окуу жайынын директору,
  • 1998-2007-жылдары Каныш-Кыя орто мектебинин директору,
  • 2007-10-жылдары райондук билим берүү бөлүмүнүн жетектөөчү адиси болуп эмгектенген.

Грамоталар менен сыйланган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Чаткал району: Энциклопедия / авт.-түз. А.Орозов и др. - Б.: «Принт Экспресс» б., 2015. - 368 б., илл. ISBN 978-9967-27-851-6