Байовар фосфорит кени

Википедия дан

Байовар фосфорит кени, Сечурa - Түштук Америкадагы фосфориттин ири кени. Перуда. Тынч океандын жээгине жакын Сечура чөлүнүн борбор. бөлүгүндө жайгашкаи. 1958-ж. ачылган, жер үстүнөн ачык казып алууга болот. Фосфориттин жалпы запасы 816 млн г, эсептелип бекитилгени 262 млн т (Р205 12-30,5%). Фосфориттер миоцен мезгилинин деңиз чөкмө катмарлары менен байланыштуу. Пайдалуу катмар диатомит, акиташтеги жана кумдуу чополордон түзүлгөн. Калыңдыгы 40 кмге жетип, 12 м тереңдикке чейин уланат. Негизги кенташ участкасынын аянты 48 км2 дей.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 2-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2007. 808 бет, илл. ISBN 978 9967-14-055-4