Байтик чопо кени

Википедия дан

Байтик чопо кени - Чүй облусунун Сокулук районунда, Орок кыштагынан 500 м түштук-чыгышта. Бозбөлтөк дөңсөөсүнүн түштук-батыш капталында. 1954-ж. геологиялык чалгындоо жумуштары жүргүзүлүп, запасы эсептелген. Кендин аймагын антропоген мезгилинин борпоң чөкмө тектери түзөт. Чопо катмары делювий чөгүндүлөрүнөн пайда болгон дөңсөөдө жайгашып, лёсс сымал күлботодон турат. Боз, саргыч боз түстө. Тыгыз, чанда бирин-серин шагыш бүртүкчөлөрү, гипс линзалары кездешет. Калыңдыгы 0,8 21,0 м. Гранулометриялык курамы: 0,005 мм 9,6%; 0,005 0,01 мм 41,5%; 0,01 0,25 мм 42,7%; 0,25 мм 2,05%; 0,5 1,0 мм 1,2%; 1,2 мм 3,0%. Чоподон «75» ж-а «100» маркасындагы кирпич жасалат. Запасы А+В+Ц категориялары боюча 5607 миң м3 Казылып алынууда.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 2-том. /Башкы ред. Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2007. 808 бет, илл. ISBN 978 9967-14-055-4