Байыркы тоо кен-металл өндүрүшү

Википедия дан

Байыркы тоо кен-металл өндүрүшү - Кыргызстандагы кен казып алуу, металл эритүү жана тиричиликке керектүү буюмдарды жасоону өзүнө камтыган металл өндүрүшү байыркы мезгилден эле чарбанын негизги тармагынын бирине айланган. Металл өндүрүшү коомдук мамилеге да таасирин тийгизет. Металл өндүрүшүнүн калыптанышы жана өнүгүшү ар кайсы аймакта жашаган уруулардын байланышын кеңейтип, товар алмашууга кеңири мүмкүнчүлүктөрдү түзгөн. Окумуштуулардын пикири боюнча Кыргызстанда тоо кен өндүрүшү мустье доорунан башталган. Байыркы адамдар таштын сапаттуу тектерин атайын издеп таап, курал жасашкан. Керектүү таш теги жайгашкан жерде байыркы адамдардын таш курал жасай турган жайы устаканалары орун алган. Мындай устаканалар Түштук Кыргызстандын Капчыгай, Юртат-Сай деген жерлеринен табылган. Бир тектүү, курч миздүү, курал жасаганга ылайыктуу таш теги байыркы адамдар тарабынан миндеген жылдар бою пайдаланылган. Таш куралдарынан соң адамдар алгач жезди пайдаланышкан. Кенден жезди бөлүп алуу б. з. ч. 8-6-миң, күмүш жана коргошунду колдонуу 7-6-миң, алтынды пайдалануу б. з. ч. 5-миң, колону колдонуу б. з. ч.4-миң жылдыктарга туура келет. Байыркы адамдар жез менен калайдын куймасынан колону алышкан. Коло доорунда металл өндүрүп, андан калыпка куюу жолу менен сапаттуу эмгек куралдарын жасашкан. Коло буюмдар чарбачылыкта, үй-тиричилигинде, согуш ишинде кеңири колдонулган. Чүй өрөөнүндө, Ысык Көлдүн чыгышында, Кочкор өрөөнүндө табылган коло буюмдарынын кенчтери коло доорунда металл иштетүүнүн өзгөчө ыкмалары болгондугун далилдеген. Мындай археологиялык өзгөчөлүк «Жетисуу металл иштетүү очогу» деп аталган. Чуст маданиятында коло күзгү, орок куя турган таш калыптар жана курамына калай, мышьяк кошулган жез, коло буюмдары табылган. Кыргызстанда байыркы мезгилден эле калай өндүрүү болгондугун Сарыжаздагы Атжайлоо, Жыланды деген жерлерден табылган эстеликтер ырастайт. Байыркы мезгилден кен байлыкты кеңири иштеткен жерлер Талас өрөөнүндө да көп ачылган. Коло доорунда коргошун өндүрүлгөн. Таштөбө көрүстөнүнөн табылган алтын жергиликтуу алтынга окшош болгон. Эрте темир доорунда Кыргызстандагы тоокен байлыктарын казуу кыйла өздөштүрүлгөн. Археологиялык маалыматтар темир, күмүш, алтын, коргошун, калай, сымап, цинк, туз кендери иштетилгендиги жөнундө даректүү кабарларды берет. 9-10-кылымдагы кытай жазма булактарында кыргыздарда алтын, темир, калай болгондугу баяндалган. Алардан сапаттуу куралдар жасалып, түрктөргө сатышкан. 10-12-кылымга таандык темир иштеткен көлөмдүү комплекс Балыкчы шаарына жакын жердеги Сарыбулуң жергесинде жайгашкан. Темирдин көп өлчөмдө иштетилиши Жумгал жергесиндеги орто кылымдарга таандык Түгөлсай шаарчасынан баамдоого болот. Талас өрөөнүндөгү Киров суусактагычы турган жердеги Садыркоргон шаар калдыгынан 9-12-кылымга тиешелүү 70тен ашуун кен казган жерлердин орду табылган. Бул жерде биринчи кезекте күмүш казылып алынган. Кыргызстанда металл өндүрүшүнө байланыштуу жер-суу аталыштары арбын кездешет.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 2-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2007. 808 бет, илл. ISBN 978 9967-14-055 -4