Бакве (эл)

Википедия дан

Бакве — эл. Либериянын түштүк-чыгышында (500 миң адам, 1992) жана Кот-д'Ивуардын түштүк-батышында (400 миң адам, 1992) жашайт.
Жалпы саны 900 миң адам.

Тил

Бакве (бакуэ, бакво) тилинде сүйлөшөт. Ал тил гване-бодо, омелокве (пьа), абри, обва жана бакве диалектилерден турат.
Бакве тили Нигер-конго макробүлөсүнүн Кру уясына кирет.

Дин

Көпчүлүк жергиликтүү салттуу ишенимдерди карманышат. Ата-бабаларга жана табият күчтөрүнө сыйынышат. Полидемонизм. Фетишизм.
Калктын бир аз бөлүгү христиандар (протестанттар, католиктер жана афрохристиандар).

Чарбалык иштер

Негизги салттуу кесиптер — кол менен иштетилген тропикалык жер чарбасы (сорго, таруу, ямс, маниок, күрүч), жыйноочулук, аңчылык, балык уулоо.
Кээ бирлери плантацияларда (гевея, кант тростниги, май пальмасы) эмгектенишет.

Кол өнөрчүлүк

  • карапачылык;
  • жыгач оюм (айкелдер, беткаптар);
  • токуу.


Кийим

Алар европалык кийим кийишет, бирок мурда белдемчи кеңири таралган.

Тамак-аш

Бакве рациону негизги жашылчалардан жана балыктан турат. Ачуу татымаал менен пальма майы кошулган ботколорду жана суюк ысытмаларды жешет.

Турак жай

Конус формасында курулган чатыры чөп же саман менен жабылган тегерек сокмо кепе.

Коом

Негизги салттуу социалдык институттар: уруулук уюм, аксакалдар башчылык кылган айылдык жана көп үй-бүлөлүү жамааттар, эркектер союздары (Поро ж. б.), алардын мүчөлөрү коркунучтуу маскалар кийген ритуалдык бийлерди уюштурушат. Туугандык эсеп аталык. Полигиния, сорорат, левират, сатып алынган нике практикаланат.

Маданият

Фольклордун бардык негизги жанрлары бар. Инициация ырымы сакталып калган.

Булактар[түзөтүү | булагын түзөтүү]