Бакирова Нургуль Жакыповна

Википедия дан

1973-жылы 22-апрелде Ош облусунун Кара-Суу районундагы Отуз-Адыр айылында туулган. 2021-жылдын апрелинен 2022-жылдын февралына чейин Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрайымы болуп иштеген.

Бакирова Нургүлдүн улуту – кыргыз.

Билими жана кесиптик ишмердиги[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Жогорку юридикалык билими бар. 1995-жылы Кыргыз мамлекеттик университетин “Юриспруденция” адистиги боюнча аяктаган.

Нургүл Жакыповна кесиптик жолун 1995-жылы стажер, андан соң тергөө бөлүмүнүн прокурору, ошондой эле Ош облустук прокуратурасында прокурордун улук жардамчысы болуп иштөөдөн баштаган.

1997-1999-жылдары Ош Мамлекеттик университетининн юридикалык факультетинин деканынын окуу иштери боюнча орун басары болуп иштеген.

1999-2003-жылдары факультеттин атайын юридикалык дисциплиналар кафедрасынын башчысы, андан соң Бишкек мамлекеттик экономика жана коммерция институтунун юридикалык факультетинде декандын орун басары болуп иштеген.

2003-жылдан 2007-жылга чейин Ош шаардык сотунда судьялык кызматты аркалаган.

2007-жылы Ош облустук сотунун төрагасынын орун басары кызматына дайындалып, бул жерде 6 жыл иштеген.

2013-жылы “Нур жана Ко” адвокаттык компаниясынын директору болуп, бул жерде 2 жыл иштеген.

2016-жылдан 2018-жылга чейинки мезгил аралыгында Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министринин кеңешчиси, андан соң бул министрликтин укуктук камсыздоо бөлүмүнүн башчысы болуп эмгектенген.

2018-жылдын 23-майында Нургүл Бакирова Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун судьясы кызматына дайындалган. Ал эми 2020-жылдын 27-сентябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасынын орун басары болгон.

Нургүл Бакирова 2021-жылдын 22-апрелинде Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрайымы болуп шайланган. Бул кызматта ал 2022-жылдын февралына чейин иштеди.

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

http://sot.kg/post/bakirova-nurgul-zhakypovny

http://sot.kg/post/kalieva-gulbara-utyurovna

https://rus.azattyk.org/amp/31679131.html

https://rus.azattyk.org/amp/31680824.html

https://kg.akipress.org/news:1762064

https://kloop.kg/blog/2022/02/12/prezident-naznachil-treh-zampredsedatelej-verhovnogo-suda-odna-iz-nih-nurgul-bakirova/amp/ Archived 2022-03-01 at the Wayback Machine