Бак-парк искусствосу

Википедия дан

Бак-парк искусствосу - жашылдандырылган аймактарды түзүү жумушу. Ал бак, парк жана башкаларды пландоону, өсүмдүктөрдү климатка жана топуракка жараша тандоону, жолдор, көлмөлөр, скульптура ж. б. менен айкалышта жайгаштырууну жана топтоону ичине камтыйт. Парктын негизги түрлөрү: тектирлүү тепкичтүү. Регулярдуу «француздук» (геометриялык туура формадагы боскеттер, партерлер, көлмөлөр жана аллеялардан турат), пейзаждык «англистик» (көкжайык аянттар, ийри-буйру жалгызаяк жолдор, суулар, көлмөлөрдөн турган табигый ландшафт сымал композициялар), миниатюралык бактар ( римдик перистилдеги короолордогу испан-мавританиялык типтеги бактар; япон бактары суу, өсүмдүк, таштан турган символдуу композициялар). Бак-парк искуссвосунун 20-кылымдагы максаты турак жайды жаратылышка жакындатуу. Бишкектеги Каражыгач багы, Достук паркы, Жаш Гвардия, Эркиндик бульварлары маданий жана эстетикалык талаптарга жооп берет.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 2-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2007. 808 бет, илл. ISBN 978 9967-14-055 -4