Балаган

Википедия дан

Балаган - 1) көчмө театр. Орто кылымдарда Балаган көчүп жүргөн артисттердин сахнасы катары пайдаланылган. Балаган деп мурда чатыр аталган, анын кичинекей сахнасында чакан пьесалар ойнолгон, ошондой эле жонглёрлор менен дарчылар да чыккан; 2) көңүл көтөрө турган оюн-зоок, комедиянын бир түрү. Көбүнчө циркте маскарапоздор ойнойт, мюзик-холлдо, кинодо да пайдаланылат. Азыркы мезгилде Балаган пантомима жанрында жана кээде кинофильмдерде кездешет.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 2-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2007. 808 бет, илл. ISBN 978 9967-14-055 -4