Балакирев Мияии Алексеевич

Википедия дан

Балакирев Мияии Алексеевич [1836 (1837) - 1910] - орус композитору, пианист, дирижёр, музыкалык коомдук ишмер.

  • Балакиревдин пианисттик жана дирижёрдук ишмердиги Петербургда башталган (1856).
  • 60-жылдарда «Орустун жаны музыкалык мектеби», «Балакиревдин кружогу», «Кубазтуутоп» аттуу кружокторду түзгөн.
  • 1850-жылдын акыры жана 60-жылдар Балакиревдин жемиштүү иштеген мезгили болгон.
  • Ал «Орустун үч темасына увертюра» (1858, 2-редакциясы 1881), «1000

жыл» аттуу орустун үч темасына экинчи увертюра (1862) менен чех увертюрасын (1867), 1-симфониясын (1864-1898) жазган (2- симфониясы 1908-ж. жазылган).

  • Орустун эпикалык симфония жанрынын жаралышы Балакиревдин ысымы менен байланыштуу.
  • Балакирев- орустун оригиналдуу фортепьяно стилин жаратуучулардын бири.

Орус камералык-вокалдык музыкасында Балакиревдин романстары менен ырлары өзгөчө орун ээлейт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Алагушов, Балбай. Кыргыз музыкасы: Энциклопедиялык окуу куралы / Башкы редактору Үсөн Асанов. – Бишкек: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004. – 400 бет. -ISBN 9967-14-016-X.