Балтика калканы

Википедия дан
Балтика калканы.

Балтика калканы - Чыгыш Европа платформасынын түндүк-батыш тарабындагы кембрийге чейинки мезгилде бүктөлүүгө дуушар болгон фундаменттин жер бетине чыгып жаткан аймагы. Орусиядагы Карел Республикасы, Мурма жана Ленинград облустарынын батыш бөлүктөрүн, Финляндия жана Швециянын аймактарын ээлейт. Балтика калкы архей менен протерозой замандарынын метаморфизмделген жана татаал өзгөрүүлөргө, бүктөлүүлөргө учураган гнейс, кристаллдуу сланец сыяктуу тоотектерден турат. Балтика калкында темир (Швеция), жез-никель жана апатит (Хибинде, Орусия) кендери бар.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 2-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2007. 808 бет, илл. ISBN 978 9967-14-055-4