Балхан тоолору

Википедия дан

Балхан тоолору -Түркмөнстанда, Кара-Кум чөлүнүн батышында-гы аралча тоолор. Узбой өрөөнү аны Чоң жана Кичи Балхан тоолоруна бөлөт.

Чоң Балхандын уз. 70 км, бийиктиги 1880 м (Арлан тоосу). Өтө тилмелен-ген, чет жакалары жардуу, үстү түзөң келген горст-антиклиналъ. Юра жана бор мезгилдеринин кумдук, аки таш тоо тектеринен турат. Чөл, жарым чөл жана тоолуу талаа ландшафты басымдуу. Тескейинде сейрек кездешүүчү арчалар, капчыгайларда бадалдар өсөт.

Чоң Балханга жакын нефть (Небит-Даг) жана озокерит кендери бар. Кичи Балхан Чоң Балхандын түштүгүндө, обочо турган жапыз (бийиктиги 711 м те чейин), жардуу (өзгөчө түндүк капталдары), сай-сайга бөлүнүп тилмелеши кеткен жылаңач чолок кырка тоо. Уз. 30 км.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор А. Табалдиев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1976. Том 1. А - Бюулук -608 б.