Балян Григорий Айказович

Википедия дан

Балян Григорий Айказович - (1928-ж. туулган, Азербайжан, Шамхор району, Барум айылы) агроном, айыл чарба илимдеринин доктору (1983), профессор (1988). КРдин илимине эмгек сиңирген ишмер (1998). Азербайжан айыл чарба институтун (1948), Бүткүл союздук тоют илим-изилдөө институтунун аспирантурасын бүтүргөн (1952). Азербайжан ИАнын Мир-Башкир тажрыйба станциясында (1953-56), Азербайжан дыйканчылык ИИИде илимий кызматкер (1956-65), 1965жылдан Кыргызстан мал чарба жана ветеринария ИИИде, 1995-жылдан Кыргыз мал чарба, ветеринария жана тоют ИИИде бөлүм башчы. Өсүмдүк өстүрүүчүлүк жана шалбаачылык боюнча адиси 200дөн ашык илимий эмгектин, анын ичинде 5 монография, 4 ойлоп табуу ж-а 1 патенттин автору. Эмгектери: Прутняк и его кулыура в Киргизии. Ф., 1972; Кормовые растения Киргизии и их возделывание при освоении пустынь, полупустынь и степей. Ф., 1978; Культурные пастбища для овец. М., 1980.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 2-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2007. 808 бет, илл. ISBN 978 9967-14-055 -4